Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Бишкек жана Ош шаарларында феминисттер жөө жүрүшкө чыгышты


Бишкектеги жүрүш.
Бишкектеги жүрүш.

Аялдардын эл аралык майрамына карата Бишкек жана Ош шаарларында феминисттик идеяларды карманган ондогон адамдар жөө жүрүшкө чыгышты. Акцияга чыккандар аялдарга карата зомбулукту жоюуну, кыз-келиндерге карата кодулоону токтотууну жана алардын укуктарын коргоону талап кылган чакырыктарды айтышууда. Алар бардык тармактарда аялдар эркектер менен тең ата, бирдей каралышы керек экенин билдирип, кыз-келиндер өз жашоосуна байланыштуу чечимдерди өздөрү кабыл алышына тоскоолдук болбошу керектигин белгилешти.

Тынч жүрүштүн катышуучулары ошондой эле трансфобияга жана гомофобияга каршы турууга жана майыптарга карата дискриминацияны жоготууга үндөштү. Алар феминисттик плакаттарды, транспаранттарды да кармап жүрүштү.

Борбордогу иш чараны “Бишкек феминисттеринин демилгелери” бирикмеси, “Назик кыз” коомдук уюму жана “Лабрис”- кумсалардын (ЛГБТ) бирикмеси чогуу уюштурган. Оштогу акцияны жергиликтүү "Жаңы толкун" уюму өткөрдү. (ErN)

Феминисттер: Зомбулукка жол жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

XS
SM
MD
LG