Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Британ полициясы мурдагы орус чалгынчысы ууланган затты аныктоо аракетинде


Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия.
Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия.

Британ бийлигинин маалыматына караганда, 66 жаштагы Сергей Скрипал менен анын 33 жаштагы кызы Юлиянын абалы дагы эле өтө оор. Аларга алгач жардам берген полиция кызматкери сүйлөөгө жарап калды, бирок анын да абалы оор.

Британиянын контртерроризм боюнча полиция башчысы 7-мартта билдиргендей, алар азыр Сергей Скрипалды жана анын кызын кимдер-бирөөлөр уулуу зат (нерв агенти) менен өлтүрүүгө аракеттенген деген ишенимде турушат.

Орусиянын мурдагы чалгын офицери Скрипал жана анын кызы 4-мартта Солсбери шаарындагы соода борборунун алдынан эс-учун жоготкон жерден табылып, кийин ооруканага жеткирилген.

Ал 2004-жылы "британиялык чалгын менен кызматташты" деген айып менен камакка алынып, 2006-жылы 13 жылга кесилген. Төрт жылдан кийин Скрипалга кечирим берилип, ал АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Скрипал Британиядагы Солсбери шаарчасында 2011-жылдан бери жашап жаткан. (UE)

XS
SM
MD
LG