Британ бийлик өкүлдөрүнүн соңку маалыматына караганда, 66 жаштагы Сергей Скрипал менен анын 33 жаштагы кызы Юлиянын абалы дагы эле өтө оор. Аларга алгач жардам берген полиция кызматкери азыр сүйлөөгө жарап калды, бирок анын да абалы анча жеңилдей элек.
- Биз ыкчам жүрүп жаткан тергөөнүн ортосуна келип калдык. Колдонулган уунун табиятын айта албайм. Анткени тергөөнү кылдат жүргүзүш үчүн полицияда мүмкүнчүлүк болушу керек. Нерв системасына таасир берүүчү уунун Улуу Британиянын аймагында колдонулушу уятсыз жана акылга сыйбаган иш. Бул - мыкаачылык жана көз көрүүнө өлтүрүү аракети, - деди 8-мартта парламентте сүйлөгөн учурунда Британиянын ички иштер министри Эмбер Раад.
Ал кол салуу үчүн ким жоопкер экени аныкталган соң британ бийлиги ага “чечкиндүү жана талаптагыдай” жооп берерин да кошумчалады. Премьер-министр Тереза Мейдин басма сөз катчысы да 8-мартта окуяны “акылга сыйбаган жана үрөй учурган кылмыш” катары баалады.
Орусиянын мурдагы чалгын офицери Скрипал жана анын кызы 4-мартта Солсбери шаарындагы соода борборунун алдынан эс-учун жоготкон жерден табылып, кийин ооруканага жеткирилген.
Ал Орусияда 2004-жылы "британиялык чалгын менен кызматташты" деген айып менен камакка алынып, 2006-жылы 13 жылга кесилген. Төрт жылдан кийин Скрипалга кечирим берилип, АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Ал Британиядагы Солсбери шаарында 2011-жылдан бери жашап жүргөн. (UE)