Тбилисидеги Юстиция министрлигинин алдында бир нече трансгендер-аялдар "Мени аял катары тааныгыла" деген аталышта акцияга чыгышты. Алар грузин бийлигин өздөрүнүн мыйзамдуу макамдарын бузуп жатат деп айыпташты.
Трансгендер-аялдардын журналисттерге билдиргени боюнча, грузин бийлиги Европа кеңешинин алдында алган милдеттерин аткарбай келет. Алар эмгиче бийлик жыныс алмаштырууну паспортто белгилөөдөн баш тартып, жынысы физикалык жактан алмаштырылганы жөнүндө маалымкат талап кылып жатканын, мындай операциялар аябай кымбаттыгын айтышты. Алар ошондой эле трансфобиялык мүнөздөгү зордук-зомбулук күчөп, өлтүрүүгө чейин жетип жатканына нааразылыгын билдиришти.
Акция учурунда аларга ошол жерде турган адамдардын бири жумуртка ыргытып, көп өтпөй полиция тарабынан кармалган.