Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

Түркия менен Ирак күрттөргө каршы чогуу күрөшмөй болду


Мевлүт Чавушоглу.
Мевлүт Чавушоглу.

Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдиргенин "Reuters" жазды. Баштапкы маалыматтар боюнча, операция Ирактагы парламенттик шайлоодон кийин болот. Шайлоо быйыл май айында өтөт.

Чавушоглу болсо Африндеги күрттөргө каршы аскердик операция майга чейин аяктай турганын айткан.

Быйыл январдын экинчи жарымында түрк аскерлери күрт отряддарынын Африндеги позициясына чабуул койгон. Көп өтпөй түрк тарап "Зайтун бутагы" деген аскердик операция башталганын жарыялаган. Түрк бийлиги күрттөрдүн Элдик коргонуу отряды Сириядагы террорчуларды колдойт деп эсептеп, аларды сүрүп жок кылууга аракет кылып жатат.

Күрт отряддары АКШнын командачылыгынын алдында "ИМ" тобунун согушкерлерине каршы күрөшүп келет.

XS
SM
MD
LG