Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Бишкекте аялдардын футбол турнири өтүп жатат


8-марттагы турнир учурунда. 2018-жыл.
8-марттагы турнир учурунда. 2018-жыл.

Турнирди 8-март майрамына жана Аялдардын эл аралык футбол күнүнө карата Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы Кыргызстандын футбол федерациясы менен чогуу өткөрүүдө. Мелдештин ачылышы 8-мартта Бишкектеги борбордук стадиондо өттү. Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Вера Ткаченко сөз сүйлөп, аялдардын эркиндигин жана укуктарын кеңейтүү БУУнун негизги милдети экенин белгиледи:

- Биз учурда эркектер басымдуулук кылган коомдо жашап жатабыз. Бул мамлекеттик органдарга, жеке ишкерликке жана эл аралык уюмдарга да тиешелүү. Ошондуктан аялдардын тең укуктуулугун сактоо - негизги маселе. БУУнун негизги жоболорунун бири - экономикалык, социалдык, саясий маселелер да аялдардын катышуусуз жүргүзүлүүгө тийиш эмес.

Вера Ткаченко аялдардын укуктарын жана эркиндигин кеңейтүүдө спорттун да салымы чоң экенин, спорт кылмыштуулуктун, баңгизаттардын жана зомбулуктун алдын алуучу негизги курал болорун белгилеп, футболчу кыздарга ийгилик каалады.

Кыздар арасындагы футбол турнирине Бишкек, Кара-Балта шаарларынан, Кайыңды жана Беловодск айылдарынан 8 команда катышууда. Мелдеш кечээ башталып, бүгүн аяктайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG