Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Салык жана Бажы кызматтарындагы тинтүүдөн кийин жети адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Салык жана Бажы кызматтарында жүргүзгөн тинтүүнүн натыйжасында жети киши кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

- Бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы менен 6-мартта козголгон кылмыш ишинин алкагында салык жана бажы органдарынын имараттарында, "Полларис" жана "Интеррустрейд" жоопкерчилиги чектелген коомунун Бишкек бөлүмүнүн кеңселеринде, "Дордой" соода комплексинин айрым кампаларында жана кылмыш ишине тиешеси бар экени сөз болгон кишилер жашаган жерлерде тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада жасалма документтер, чет элик жасалма фирмалардын мөөрлөрү табылган.

Кармалгандардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") жана 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголду. Жети кишиге 8-мартта айыбы угузулуп, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Бажы, Салык кызматтарынын жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү катышкан жемкорлук схемасынын кесепетинен соңку эки жылда Кыргызстандын бюджети 217 миллион сом зыян тартканы 8-мартта расмий кабарланган эле.

Анда айрым ишкерлер Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын ашыкча төлөгөнү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга жалган маалымат берип турушканы аныкталган айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG