Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Скрипалдын уулануусунан кийин ооруканага 21 киши кайрылды


Британиянын ички иштер министри Эмбер Радд Сергей Скрипал жана анын кызы ууланган Солсбери шаарына барды. 9-март, 2018-жыл.
Британиянын ички иштер министри Эмбер Радд Сергей Скрипал жана анын кызы ууланган Солсбери шаарына барды. 9-март, 2018-жыл.

Британиянын ички иштер министри Эмбер Радд 9-мартта Орусиянын мурдагы чалгынчысы Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия ууланган жерге барды. Окуя 4-мартта Солсбери шаарындагы соода борбордун жанында болгон.

Бир күн мурда министр Эмбер Радд Скрипал менен анын кызынын нервге таасир тийгизчү белгисиз зат менен өлкө аймагында ууланышын "үрөй учуруучу жана акылга сыйбаган кылмыш" деп атаган эле.

Жергиликтүү полиция бул окуядан кийин шаардык ооруканага медициналык жардам үчүн 20дай жергиликтүү тургун кайрылганын билдирди. Алардын айрымдары кан тапшырышып, стационардык дарылануудан өтүштү. Аймактын бийлиги тургундардын ууланууга кандай тиешеси бар экенин түшүндүргөн жок.

Учурда ооруканада жаткан 66 жаштагы Сергей Скрипал менен кызы, 33 жаштагы Юлиянын акыбалы дагы эле оор.

"Скрипал менен анын кызын кимдир бирөө нерв системасына катуу таасир эткен уулуу зат менен өлтүрүүгө аракеттенген" деген пикирин буга чейин Британиянын Террорго каршы агенттигинин башчысы билдирген. Ушул тапта аталган агенттиктин кызматкерлери уулу заттын эмне экенин такташууда.

Скрипал Москвада 2004-жылы "британиялык чалгын менен кызматташты" деген айып менен камакка алынып, 2006-жылы 13 жылга кесилген. Төрт жылдан кийин Скрипалга кечирим берилип, ал АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Ал Британиядагы Солсбери шаарчасында 2011-жылдан бери жашап жаткан.

XS
SM
MD
LG