Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Чехиянын президенти маалымат каражаттарын сынга алды


Чехиянын президенти Милош Земан Прагадагы ант берүү аземинде. 8-март, 2018-жыл.
Чехиянын президенти Милош Земан Прагадагы ант берүү аземинде. 8-март, 2018-жыл.

Чехиянын президенти Милош Земан 8-мартта экинчи мөөнөткө киришип жатып ант берди. Мамлекет башчы кайрадан коомдук телерадиокомпанияга, бир катар башка маалымат каражаттарына, саясий опоненттеринин дарегине катуу сын айтты.

Земан сөз сүйлөп жатканда айрым саясатчылар менен депутаттар нааразылык иретинде залдан чыгып кетишти.

"Ушундай тарыхый жерде, ант берүү салтанатында да мамлекеттик деңгээлдеги билдирүү жасоонун ордуна ал башкача көз караштагыларга, медиа менен журналисттерге чабуул койгону өкүнүчтүү", - деп жазды ТОР09 партиясынын лидери Йиржи Поспишил.

Бир кездери өкмөттү башкарган 73 жаштагы мурдагы экономист Земан мындан 5 жыл мурун ант бергенде коомду бириктирүүгө убада берген. Бирок талдоочулар анын тушунда тескерисинче коомдо ажырым күчөгөнүн белгилеп жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG