Кыргызстандык эки спортчу "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" (United World Wrestling) уюмунун март айындагы рейтингинде башкы сапка чыгышты. Алар грек-рим күрөшчүлөрү Каныбек Жолчубеков жана Урмат Аматов. Мындай маалымат биримдиктин расмий сайтына жарыяланды.
Каныбек Жолчубеков 60 кг чейин, Урмат Аматов 63 кг чейин салмакта алдыда баратышат.
27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча өткөн Азия чемпионатында жеңүүчү болгон Акжол Махмудов 72 кг салмакка чейинкилердин арасында экинчи орунда турат.
Рейтингде 55 кг чейинкилер арасында кыргызстандыктардан Жоломан Шаршенбеков үчүнчү, 82 кг чейинки салмакта Атабек Азисбеков экинчи, 97 кг чейинкилердин ичинде Узур Жусупбеков төртүнчү катарда. Эркин күрөш боюнча рейтингде Улукбек Жолдошбеков (61 кг) төртүнчү, Муслим Евлоев (74 кг) үчүнчү орунда турат.