Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Дүйнөдө эрте никеге тургандардын саны 25 миллионго азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку он жылда дүйнөдө жашы жете электе никеге тургандардын саны кыскарды. Эрте куракта турмушка чыккан аялдардын үлүшү 15 пайызга – 25 миллионго азайды. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин жаңы баяндамасында айтылат.

"Мындай жетишкендиктерге карабастан, жыл сайын дүйнөдө 12 миллион секелек турмушка чыгат" деп белгилейт ЮНИСЕФ.

Кыргызстанда 20-49 жаштагы аялдардын 12,7% 18 жашка толо электе турмушка чыгышары белгиленет, бирок канча пайызга азайганы тууралуу маалымат берилген эмес. ЮНИСЕФтин баяндамасында Кыргызстан эрте нике боюнча КМШ мамлекеттеринин арасында алдыңкы орундарда экени көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда 2016-жылы Кылмыш-жаза кодексине өспүрүмдөр менен нике кыюуга тыюу салган жаңы беренелер киргизилгенден кийин бардык никелерди милдеттүү түрдө расмий каттоодон өткөрүү жарандар милдеттендирилген. Укук коргоочулар мыйзам толук кандуу иштебей жатканын сындап келишет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы жашы жете элек 800-900 кыз кош бойлуу катары медициналык каттоого турган. Ал эми жыл сайын боюна бүтүп калган 2000ге чамалуу өспүрүм аборт жасатарын "Балдар укугун коргоо лигасы" маалымдаган.

Кыргызстанда 18ге толбогондор жашы жетелек болуп саналат. (SE)

XS
SM
MD
LG