Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Бишкекте роботтор фестивалы өтөт


Робот жасаган окуучулар.
Робот жасаган окуучулар.

Бишкек шаарында 10-11-март күндөрү роботтор фестивалы өтөт. "RobotoFest" деп аталган иш-чарага 95 командадагы мектеп окуучулары катышат. Балдар өздөрү даярдаган эки жүзгө жакын роботту түрдүү таймаштарда сынашат. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Ислам Иманалиев "Азаттыкка" билдирди. Катышуучулар онлайн каттоодон өтүп, өзү тууралуу маалымат калтырган. Алардын арасында Кыргызстандын бардык аймактарынан окуучулар бар.

"Сапат" билим берүү мекемеси робот жасоо боюнча өлкө аймагындагы бардык мектептерде бул багытта балдарга сабак берет. Бул үчүн АКШ менен Европадан техника алынып, балдарга сабак берчү адистер даярдалган.

"RobotoFest" Бишкектеги "Cambridge Silkroad" эл аралык мектебинде болот.

Жакында эле Бишкекте 22 жаштагы Санжар Жумабеков адам сыяктуу робот жасап жатканын маалымдап, ага калпак кийгизип элге көрсөткөн. (SA)

XS
SM
MD
LG