Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

АКШ пакистандык талибдердин лидеринин башы үчүн акча сайды


"Техрик-и-Талибан Пакистан" уюмунун лидери Молдо Фазулла.
"Техрик-и-Талибан Пакистан" уюмунун лидери Молдо Фазулла.

Кошмо Штаттар пакистандык талибдердин лидери Молдо Фазулланын кайда экенине багыт берген маалымат үчүн миллиондогон доллар сыйлык жарыялады.

Бул тууралуу Мамлекеттик департамент 8-мартта жарыялады.

Мекеменин расмий сайтына чыккан маалыматка ылайык, "Техрик-и-Талибан Пакистан" кыймылынын лидери Молдо Фазулла тууралуу маалымат үчүн 5 миллион доллар коюлган.

Ошондой эле үч миллион көлөмүндөгү сыйлык "Техрик-и-Талибан Пакистан" кыймылына байланышы бар "Жамаат аль-Ахрар" экстремисттик тобунун согушкери Абдул Вали жана "Лашкар-е-Ислам" тобунун башчысы Мангал Бах тууралуу маалымат үчүн да жарыяланган.

Билдирүүдө аталган адамдар Кошмо Штаттардын коопсуздугуна жана жарандарына коркунуч келтирээри белгиленген.

"Техрик-и-Талибан Пакистан" уюму 2014-жылдын соңунда Пешавардагы мектепке кол салуу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган. Анда 150дөн ашуун мектеп окуучусу курман болгон. Ошондой эле топтун согушкерлери 2012-жылы пакистандык кыздардын билим алышы үчүн күрөшүп келген секелек Малала Юсафзайга кол салышкан. Малала башына тийген октон аман калып, 2014-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгына ээ болгон.

Жыл башында АКШнын президенти Доналд Трамп "Ооганстандын аймагында жардырууларды уюштурган террорчуларга коңшусу Пакистан башкалка берүүдө" деп айыптаган.

Исламабад оогандык талибдер жана «Хаккани түйүнү» аттуу исламчыл топторго каршы чечкиндүү аракет көрмөйүнчө Кошмо Штаттар Пакистанга коопсуздук боюнча берилчү жардамды токтоткон.

Пакистандын жетекчилиги болсо терроризмге каршы күрөштө Кошмо Штаттардын ак ниет өнөктөшү болуп келгенин айтып, бул дооматты четке каккан.

XS
SM
MD
LG