Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 04:44

Израилдиктиктер Иордандын Батыш жээгинде палестиналык тургунду атып салышты


Палестиналыктар менен израилдик жоокерлердин Рамаллага жакын жердеги кагылышуу учуру. 2018, январь.

Иордандын Батыш жээгиндеги палестиналыктар менен израилдик жоокерлердин кагылышуусу учурунда жергиликтүү палестин тургуну ок тийип каза болду. Бул тууралуу 9-мартта Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ал эми Израил аскерлеринин өкүлү өлтүрүлгөн палестиналык күйгүзүп жардыра турган бомбаны аларды көздөй ыргытууга аракет кылганын, ошол учурда израил жоокерлери эскертүү иретинде атканын билдирди. Алардын комментарийин Reuters агенттиги жарыялады.

АКШнын ортомчулук кылган израилдиктер менен палестиналыктардын тынчтык сүйлөшүүсү 2014-жылы үзгүлтүккө учураган. Кийин Дональд Трамптын администрациясынын бул сүйлөшүүнү кайра жандантуу боюнча аракети жемиш берген эмес.

Вашингтон Иерусалимди Израилди борбору катары таанып, АКШ элчилигин Иерусалимге которорун билдиргенден бери чатакташып келген тараптардын чатагы да күчөгөн.

Израилдин 500 миңден ашуун калкы Иордандын Батыш жээги менен Чыгыш Иерусалимдин алар 1967-жылы оккупациялап алган аймактарындагы ондогон конуштарда жашайт. Палестиндердин бир бөлүгү Чыгыш Иерусалимди болочоктогу мамлекетинин борбору катары көрөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG