Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Бишкекте роботтор фестивалы башталды


Бишкек шаарындагы "Cambridge Silkroad" эл аралык мектебинде "RobotoFest" деп аталган роботтор фестивалы башталды. Бул тууралуу анын уюштуруучуларынын бири, эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Ислам Иманалиев "Азаттыкка" билдирди.

Иманалиев билдиргендей, иш-чарада окуучулардан турган 95 команда катышууда. Балдар өздөрү даярдаган эки жүзгө жакын роботту түрдүү таймаштарда сынап жатышат.

"Сапат" билим берүү мекемеси робот жасоо боюнча өлкө аймагындагы бардык мектептерде бул багытта балдарга сабак берет. Бул үчүн АКШ менен Европадан техника алынып, балдарга сабак берчү адистер даярдалган.

"RobotoFest" фестивалы буга чейин “Роботтор таймашы” деген аталышта эки жылдан бери өтүп келет. Бүгүн башталган фестивал болсо эртең аяктайт.

Жакында эле Бишкекте 22 жаштагы Санжар Жумабеков адам сыяктуу робот жасап жатканын маалымдап, ага калпак кийгизип элге көрсөткөн. (ErN)

Балдар жасаган роботтордун фестивалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

XS
SM
MD
LG