Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Алтын фабрикасынын курулушуна каршы митинг өтүп жатат (видео)


Буга чейинки митингдерден тартылган сүрөт
Буга чейинки митингдерден тартылган сүрөт

Тогуз-Торо районунун Макмал айылында 300-400дөй адам алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна нааразылык билдирип митингге чыгышты. Чогулгандар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян экенин билдиришүүдө. Бул тууралуу митингдин уюштуруучулары кабарлашты.

Нааразылыкка чыккандар менен райондун акими Тилек Идирисов жана өкмөттүн өкүлдөрү жолугуп жатышат.

Тогуз-Торонун тургундары ушундай талап менен февраль айында эки жолу митингге чыккан. Анын катышуучулары “фабрика ишке кирсе Чернобыл сыяктуу эле зыяндуу болорун, мал-жан ууланарын” айтып чыгышкан.

Ал эми фабриканы кура турган "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын жетекчиси зыян тууралуу сөздөр негизсиз экенин билдирген. Компаниянын жетекчиси Максат Жээналиев тиешелүү уруксат кагаздары толук бүтө электигине байланыштуу алтын бөлүп чыгаруучу заводду куруу убактылуу токтотулганын "Азаттыкка" кабарлаган. (ErN)

Видео Kloop.kg сайтыныкы

XS
SM
MD
LG