Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:38

Лондондо Иран элчилигинин имаратына кирүүгө аракет кылган төрт жаран камакка алынды


Лондон

Лондондогу Ирандын элчилигинин имаратынын балконуна чыгып алып иран өкмөтүнүн саясатына каршылык билдирген төрт жаранды британ полициясы камакка алды.

Лондондун полициясы кабарлагандай, кармалгандар дипломатиялык мекемеге мыйзамсыз кирүү жана мүлккө зыян келтирүү боюнча айыпталууда.

9-мартта элчиликтин имаратынын балконуна чыгып баргандар мекеменин ичине кирүүгө аракет кылышкан. Үч саат ичкери кире албай койгондон кийин гана жерге түшүшкөн. Социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдө кара кийинип алган төрт эркек киши имараттын балконунда көгала желекти ары-бери булгалап жатканы көрүнүп турат.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Бахрам Гасеми окуядан кийин дароо билдирүү таратып, инцидентке жол бергени үчүн Тегеран британ өкмөтүнө наарызылык нотасын жолдогонун кабарлаган. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG