Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Казармандагы митингчилер менен Жер казынасы комитетинин өкүлдөрү жолукту


Казармандагы митинг
Казармандагы митинг

Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна каршы чогулган митингчилер менен Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Азис Сапаралиев жана кенди иштеткен "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу Жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Сапаралиев нааразылыкка чыккандарга аталган компания алтын өндүрүүдө зыянсыз реагентти колдонорун айтып, учурда кошумча заводду куруу токтотулганын билдирди.

Ал эми "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын орун басары Талант Казаков алтын концентраттарын бөлүп чыгаруучу цехи айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык экспертизанын оң жыйынтыган кийин гана курулат деп убада кылды. Казаков компания бул боюнча Тогуз-Торо районунун жашоочулары үчүн атайын коомдук угуу өткөрөрүн да убада кылды. Нааразылыкка чыккандар менен Жалал-Абад облусунун, Тогуз-Торо районунун жана өкмөттүн өкүлдөрү жолугушту.

Бүгүн райондун Казарман айылында 300-400дөй киши нааразылыкка чыгып, Макмал кенин иштеткен комбинатты таптакыр жаап салууну талап кылышты. Чогулгандар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян экенин айтышты. Тогуз-Торонун тургундары ушундай талаптар менен февраль айында эки жолу митингге чыгышкан. (ErN)

Тогуз-Тородогу митинг, 2-февраль, 2018-жыл

Тогуз-Тородогу митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

XS
SM
MD
LG