Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Кыргызстан Берлиндеги ири туристтик көргөзмөгө катышып жатат


Берлиндеги көргөзмө өтүп жаткан жердин кире бериши
Берлиндеги көргөзмө өтүп жаткан жердин кире бериши

Берлиндеги дүйнөнүн эң ири туристтик көргөзмөлөрүнө кыргызстандык 15 туроператор катышууда. Алар Baibol Travel, CAT, DCAT, ITC Asia Mountains, Kyrgyz Concept, Logos Discovery, Tien-Shan Travel, Travel Experts, Travel Hub, Travel Land, Silk-Road&Kyrgyz Guided Trips жана Visit Karakol аттуу туроператорлор.

Аталган фирмалардын өкүлдөрү кабарлашкандай, Германияда Кыргызстанды таанытып жаткан операторлор Бизнести өнүктүрүү боюнча долбоорунун колдоосу менен барышкан.

USAID уюмунун долбоорунун алкагында көргөзмөдө кыргыздын нукура боз үй тигилип, музыканттар улуттук аспаптарда ойноп жатышат. Андан тышкары көргөзмө өтүп жаткан “ЭКСПО-борбордун” кире беришинде дагы бир кооз боз үй тигилди.

7-мартта башталган көргөзмө 11-мартка чейин уланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG