Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Асаддын аскерлери Чыгыш Гутадагы козголоңчуларга чабуулун улантууда


Чыгыш Гутадагы Кызыл чырым уюмунун жардамын жеткирүү учуру. 9-март, 2018-жыл.
Чыгыш Гутадагы Кызыл чырым уюмунун жардамын жеткирүү учуру. 9-март, 2018-жыл.

Сирия армиясы козголоңчулардын колундагы Чыгыш Гута аймагына чабуулун дагы улантууда. Ушул шартта эл аралык Кызыл чырым уюму азык-түлүк жана дары-дармектерди аткылашуу жүрүп жаткан анклавдын тургундарына жеткирүүдө. Бул тууралуу “Америка үнү” басылмасы кабарлады.

БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Зейд Раад Дамаскка жакын жайгашкан Чыгыш Гутадагы аткылашуу учурунда учурдагы аскердик кылмыштарды көз карандысыз шартта иликтөөгө чакырды. Ал ооруканаларды, мектептерди жана базарларды бомбалоо фактыларын иликтөө БУУнун Гаагадагы эл аралык кылмыш сотуна берилерин айтты.

Сириянын БУУдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зейдди Чыгыш Гутадагы окуяларды баалоодо “бир тараптуу” мамиле кылып жатат деп айыптады. Сирия режиминин өкүлү Дамасктын айланасындагы согуштук аракеттерге террористтик топтор жоопкер деп эсептейт. Козголоңчулар тобун президент Асаддын айланасындагылар ушинтип атап коюшат.

Эки жумадан бери Сирия армиясы козголоңчулардын колундагы анклавдын көпчүлүк аймагына улам чабуул коюп кайтарып алды. Чек арасыз дарыгерлер уюмунун маалыматы боюнча Дамасктын жака белиндеги бул райондо ошондон бери миңден ашуун киши каза тапты. Гутадагы 400 миңге чукул киши медициналык жардамсыз, тамак-ашсыз калганы кабарланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG