Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды


Бишкек-Ош жолу. Архивдик сүрөт.
Бишкек-Ош жолу. Архивдик сүрөт.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 225-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Көчкү бүгүн түш ченде, саат 12:00дөн өткөндө жүргөн. Көлөмү болжол менен 1200 метр куб деп саналууда. Жолду тазалоого №23 жолду тейлөө ишканасынын эки жүктөгүчү, бир грейдери жана бир “Хово” үлгүсүндөгү автоунаасы тартылып, кар тазаланып жатат. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Министрликтен кабарлашкандай, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу "Арал" постунда саат 12:00дөн тартып автоунаанын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Кошумча маалымат берилет. (ErN)

XS
SM
MD
LG