Бишкек шаарындагы "Букингем" дүкөнүндө китеп жармаңкеси өтүп жатат. Бул тууралуу дүкөндүн кызматкерлери кабарлашты.
Он миңдей китеп коюлган иш-чарага келгендердин саны көп, чакан имараттын ичи тыгын болуп жатат. Китептердин наркы 10 сомдон 700 сомго чейин сатылып жатат. Иш-чара бүгүн кеч 21:00гө чейин уланат.
Аталган дүкөн китеп жармаңкесин эки жылдан бери жазда жана күздө өткөрүп келет. Шаардыктар дүкөнгө китептерин алып келип, баа коюп беришет. Дүкөн китепти сатуудан түшкөн каражаттын 20% алып калат. (ErN)