11-мартта Кубада өткөн парламенттик шайлоо жеңген депутаттар апрелде жаңы өлкө башчысын тандашат.
Бул кызматка 86 жаштагы Раул Кастро ат салышпай турганын билдирген.
1959-жылдан баштап Кубаны Фидел Кастро, 2006-жылдан бери анын иниси Раул Кастро башкарып келген. Жаңы өлкө башчысы болот деп азыркы вице-президент Мигел Диас-Канел күтүлүп жатат.
Кубанын жаңы парламентине ат салышкан талапкерлердин көпчүлүгү бийликтеги Коммунисттик партиянын мүчөлөрү жана жарымынан көбү аялдар.