Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Германияда күрттөр менен түрк бийлигинин колдоочулары кагылышты


Африн шаарына жакын турган түрк аскерлери, 5-март
Африн шаарына жакын турган түрк аскерлери, 5-март

Дюссельдорф шаарынын аэропортунда орун алган бул кагылышууда бир нече адам жараат алды. Алардын арасында аэропорттун жүргүнчүлөрү жок экенин жергиликтүү полиция билдирди.

Полиция кырдаалды жөнгө салыш үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонду. Мындай кагылыштар түрк мигранттары жыш жашаган Германиянын бир нече жеринде катталды.

Күрт жана түрк колдоочуларынын кагылыштарына түрк бийлигинин Сириядагы күрттөр башкарган Африн шаарын көзөмөлгө алуу үчүн 20-январда жасаган аскерий операциясы себеп болду.

Сириядагы адам укуктарын коргогон активисттердин айтымында, түрк аскерлери азыр Африн шаарына жакын жерде турат. Расмий Анкара Афринди башкарган күрттөрдүн Элдик коргонуу кошуунун (YPG) террористтик уюм катары тааныйт. АКШ тескерисинче, аларды колдойт.

XS
SM
MD
LG