Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Пентагон Асадга химиялык курал колдонуудан оолак болуусун эскертти


Жим Мэттис
Жим Мэттис

АКШнын коргонуу министри Жим Мэттис 11-мартта Оманга болгон сапарында журналисттерге “Сирия бийлиги ууландыруучу газды колдонсо, бул абдан акылсыз аракет болот” деп билдирди. Ал Москванын Дамаскты колдоп жатканына нааразы экенин да кошумчалады.

Буга чейин президент Башар Асад Чыгыш Гутадагы козголоңчуларга каршы уулуу хлор газын колдонгону айтылган. Сирия өкмөтү бул дооматтарды четке кагууда.

Пентагондун башчысы Сирия өкмөтүнүн элге хлор газын колдонгону аныкталса, андан өч алуу аракети болорун айтып коркуткан жок. Бирок АКШ президенти Дональд Трамптын чечим кабыл алууга “бир топ саясий мүмкүнчүлүктөрү” барын эскертти.

XS
SM
MD
LG