Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Ле Пен "Улуттук Фронттун" төрайымы бойдон калды


Марин Ле Пен.
Марин Ле Пен.

11-мартта Францияда оңчул "Улуттук Фронт" партиясынын төрагалыгына атаандашсыз шайлоо өтүп, анда партиянын азыркы лидери Марин Ле Пен кайра бекитилди.

Жаңылануу урааны менен Лиллде өтүп жаткан бул жыйында Ле Пен 100 пайызга жакын колдоо тапты. Жыйында Марин Ле Пендин атасы, партиянын негиздөөчүсү Жан-Мари Ле Пенге берилген "Ардактуу төрага" деген наам жоюлду.

Жаңылануу катары каралган сунуштардын дагы бири – партиянын атын Улуттук жыйын деп өзгөртүү болду. Партиянын ардагери Жан-Мари Ле Пен кызынын бул сунушун кескин сындаган.

XS
SM
MD
LG