Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Бюджеттик мекеме-ишканаларда иштебегендерге ипотекалык насыя бериле элек 


Бишкекте курулуп жаткан үйлөр. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкекте курулуп жаткан үйлөр. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагаcынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу "Азаттыкка" билдиргендей, бюджеттен каржыланбаган мекеме-ишканаларда иштегендерге жана башка жарандарга насыя бериш үчүн чет элдик донорлор азырынча акча бере элек. Каражат Кыргызстандын эсебине которулгандан кийин мамлекеттик ипотека алууну каалаган бардык жарандарга тегиз насыя бериле баштайт:

- Немис өнүктүрүү банкынан 11 миллион евро тартуу маселеси жакында оңунан чыкканы турат, тиешелүү иштер аяктап калды. Бул - быйыл бүткөрүлө турган иштер. Мындан тышкары, башка эл аралык каржы уюмдары менен да иштеп жатабыз. Азырынча тыянак чыга элек.

Нуржигит Үсөнакун уулунун маалыматына караганда, ушу тапта "Арзан турак жай" программасына катышуу үчүн Кыргызстан боюнча 6 миңден ашык киши арыз берип, тизме банктарга жөнөтүлгөн. Аталган программа кабыл алынган 2,5 жыл аралыгында 2400дөй киши жалпы суммасы 2,5 миллиард сомдон ашык насыя алган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы мамлекеттик мекемеде иштегендерди үй менен камсыз кылуу максатында атайын программа кабыл алган. Бирок насыянын шарттарынан улам аны ала тургандар аз болгон. Ошондуктан өкмөт былтыр мамлекеттик эмес мекемеде иштегендерге да насыя берүүнү чечкен. Ал Германиянын 11 миллион евро грантынын эсебинен берилмей болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG