Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

ЖККУ маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштуулукка каршы күрөшөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) курамындагы мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протокол ратификацияланды. Бул тууралуу мыйзамга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-январда бекиткен. Протокол тараптардын маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштуу иштерге каршы аракеттенүү боюнча кызматташуу тартибин аныктайт. Ал маалыматтык мейкиндикти деструктивдүү таасирлерден коргоо кызматташтыгына багытталган.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму 1994-жылы түзүлгөн. Учурда анын курамына Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG