Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Нурханбек Момуналиевди кызматтан алуу тууралуу өкмөт башчынын сунушу президент Сооронбай Жээнбековго жиберилгенин өкмөттүк аппарат "Азаттыкка" маалымдады.
Нурханбек Момуналиев бул кызматка 2017-жылдын 26-августунда дайындалган.
Январь айында премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн бир нече мүчөсүнө сөгүш жарыялап, өкмөттүк аппараттын айрым кызматкерлерин иштен алган. Анткени жыл жаңырар алдында Жогорку Кеңеш "Бажы кодекси жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча президенттин каршы пикирин чукул кароого аргасыз болгон. Анда мыйзамдын күчүнө кире турган датасы туура эмес жазылып калганы ачыкка чыккан.
Ошондой эле өкмөт башчынын буйругу менен өкмөттүк аппараттагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Улан Маматканов жана укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы Максатбек Есеналиев кызматтан алынды. (ZKo)