Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:54

Тогуз-Тородо нааразылыктан улам фабриканын курулушу убактылуу токтотулду


Тогуз-Тородогу нааразылык акциясы. 1-февраль, 2018-жыл.
Тогуз-Тородогу нааразылык акциясы. 1-февраль, 2018-жыл.

Казарманда Макмал кенинде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Мамасалы Акматов “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзү боюнча, "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясы фабриканын курулуш долбоорун тийиштүү экспертизадан өткөрө элек, ага айлана-чөйрөнү коргоо жана экология адистеринин да корутундулары бериле элек. Ошондуктан компанияга экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин курулушту токтотуп, эл менен түшүндүрүү иштерин алып баруу тапшырылды. Акматовдун айтымында, эгерде тургундар менен иштешүүдө ынтымакка келе албаса комбинат иштебейт.

10-мартта Тогуз-Торо районунун Казарман айылында 400дөй киши нааразылык акциясына чыгып, Макмал кенин иштеткен комбинатты таптакыр жаап салууну талап кылышты. Чогулгандар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян экенин айтышты. Тогуз-Торонун тургундары ушундай талаптар менен февраль айында эки жолу митингге чыгышкан.(RsK)

XS
SM
MD
LG