Австриянын баш калаасы Венада Ирандын элчилигине чабуул койгон белгисиз адам жок кылынды. Шаар полициясынын басма сөз катчысы Харальд Сёрештин айтымында, 26 жаштагы киши бычак менен элчиликтин күзөтчүсүнө кол салган.
Дүйшөмбүгө караган түнү болгон окуяда элчиликтин күзөтчүсү ийининен жараат алды. Коргоо министрлиги билдиргиндей, күзөтчү алгач башкача коргонуу аракеттерин көрүп, алы жетпей баратканда ок аткан. Австриянын бийлиги күзөтчү эрежелерге ылайык аракет кылганын, элчиликке кол салууга шектүү Австриянын Тироль аймагынын тургуну экенин билдирди.