Ирандын мамлекеттик медиасы жекшембиде Ирандын түштүк-батышында кыйраган түркиялык учактын "кара кутусундагы" маалыматтар иликтене баштаганын кабарлады. Түркиялык ишкердин менчик учагынын бортундагы 11 киши тең мерт болгон.
ИРНА мамлекеттик маалымат агенттиги Тегерандан 370 чакырым алыстагы Шехре-Корд шаарына чукул жерде кулаган учактагы 10 кишинин сөөгү аныкталганын билдирди.
Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Мойтаба Халеди учак Ирандын тоолуу аймагында аба ырайынан улам кырсыкка кабылганын билдирди.
Түрк медиасынын маалыматына караганда, "Bombardier Challenger 604" үлгүсүндөгү учак түрк ишкери Хуссейн Басарандын кызын жети курбусу менен Дубайдагы майрамдан салып келаткан. Мина Басаран үйлөнүү тоюнун алдында курбулары менен Дубайга барып майрам уюштурган. Учак Бириккен Араб Эмирлигинен Стамбулга келаткан.
Хуссейн Басаран - Түркияда туризм, финансы, курулуш, авиация, энергия жаатындагы таанымал ишкер.