Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Непалдын аэропортунда жүргүнчү учак кыйрады


Куткаруучулар Катмандунун аэропортунда иштеп жатышат. 12-март, 2018-жыл.
Куткаруучулар Катмандунун аэропортунда иштеп жатышат. 12-март, 2018-жыл.

Катманду шаарынын аэропортунда жүргүнчү учак конгону баратып кырсыкка кабылды. Учактын бортунда 60тан ашуун киши болгону кабарланууда.

Мерт болгондордун сөөктөрүн учактын калдыктарынын алдынан алып чыгып жатышат. Непалдын бийлиги канча кишинин өмүрү кыйылганы белгисиз экенин билдирди.

Би-би-Си кызматы Непал бийлигинин маалыматына таянып, учакта 67 киши болгонун, алардын 17си аман калганын жазды.

Непалдын маалымат каражаттары учактын бортунда 78 жүргүнчү болгонун, алардын 14ү ооруканага түшкөнүн, курман болгондордун саны 50дөй киши болушу мүмкүн экенин кабарлады.

"FlightRadar24" сайты учак "Трибхуван" аэропортуна жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:20да конгонун көрсөткөн. Ушул тапта аэропорттон учуп-конуу убактылуу токтоду.

XS
SM
MD
LG