Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Бишкекте мыкты жыгач уяга сынак жарыяланды


Бишкек.
Бишкек.

Сынакты "Бишкек жашылдандыруу чарбасы" ишканасы жарыялады. Иш-чара 1-апрелде белгиленүүчү Эл аралык канаттуулар күнүн утурлай уюштурулуп жатат.

Сынакка бардык каалоочулар катыша алышат. Куштардын уясы түрдүү формада жана өлчөмдө болушу мүмкүн. Негизги шарт - уя жыгачтан жасалышы керек. Ошондой эле анын ээси уяны өзү жасаганын сүрөт же тасма менен далилдеп бериши зарыл.

Сынактан кийин жыгач уялар шаардагы парктарга, бактарга жана башка жерлерге орнотулат. "Бишкек жашылдандыруу чарбасы" ишканасынын маалыматына караганда, бул иш бак-дарактарды курутуп жаткан зыянкеч курт-кумурскалардан арылыш үчүн канаттууларды парктарга тартуу максатында жүргүзүлүүдө.

Жыгач уялар 1-апрелге чейин кабыл алынат.

Эл аралык канаттуулар күнү алгачкы жолу 1894-жылы 1-апрелде АКШда белгиленген. Кийинчерээк жайылып отуруп, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө тараган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG