Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Чет өлкөдөн сөөк алып келиш үчүн кенемте көбөйдү


Мигранттын мекенине жөнөтүлүп жаткан сөөгү. “Мигранттар - көрүнбөгөн күч” аттуу фотоконкурска жиберилген сүрөт. 2017-жыл.
Мигранттын мекенине жөнөтүлүп жаткан сөөгү. “Мигранттар - көрүнбөгөн күч” аттуу фотоконкурска жиберилген сүрөт. 2017-жыл.

Чет өлкөлөрдө каза тапкан мекендештерди Кыргызстанга алып келиш үчүн берилүүчү кенемте акчаны алуу тартиби жеңилдеди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев 13-мартта журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, бул үчүн атайын жобо иштелип чыкты.

Ага ылайык, мындай кенемте алыш үчүн жарандар болгону үч документ: маркум тууралуу медициналык мекемеден маалымкат, ишеним кат жана паспортун даярдайт. Кенемтенин жаңы суммасы - 50 миң сом. Бул акча бардык жарандар үчүн бирдей өлчөмдө берилет.

Мурунку убакта сөөк алып келиш үчүн мамлекеттен кенемте алууга милдеттүү түрдө 14 документ тапшырылчу, аны комиссия бир айдын ичинде карачу. Кенемтенин өлчөмү 22 миң сомдон 35 миң сомго чейин бекитилген.

Былтыр Орусиянын бир эле Москва шаарынан Кыргызстанга 197 мигранттын сөөгү жөнөтүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG