Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Бишкек-Ош жолундагы оор жүк ташуучу унааларга чектөө алына элек


Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев.
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын башчысы Мирлан Карыбаев билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунун «Сосновка» постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун «Арал» постунда жана Талас облусунун Талас районуна караштуу Өтмөк ашуусунда 13-мартка чейин оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы жагдайга жараша унааларды белгиленген тартипте (жеңил унаалардын аралыгы 500 метр) өткөрүп жатат. Чектөөгө бул аймактардагы кар көчкү коркунучу түрткү болгон жана азыр республиканын бардык аймагында күн бүркөк болгондуктан, качан алынары белгисиз.

Өтмөк ашуусунда токтоп турган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына Талас районунун Осмонкулов айыл аймагы ысык чай таратып турду. Ашуудагы абал менен өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев 12-мартта, түндө барып таанышып чыкты. (AlS)

XS
SM
MD
LG