Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

ОшМУнун студенттери Прагада бир семестр окушат


ОшМУнун ректору К. Исаков жана ЧАУнун ректору П. Скланичек келишимге кол кою учуру. Прага, 12-март 2018-жыл.
ОшМУнун ректору К. Исаков жана ЧАУнун ректору П. Скланичек келишимге кол кою учуру. Прага, 12-март 2018-жыл.

Ош мамлекеттик университети жана Чехиянын Айыл чарба университети кызматташат. Мындай келишимге 12-мартта Прагада Чехиянын Айыл чарба университетинин (ЧАУ) ректору Петр Скленичка жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков кол коюшту.

Бул келишимге ылайык, ОшМУ быйыл сентябрь айында алгачкы алты студентти өз ара студент алмашуу программасына ылайык бир семестрге ЧАУга окууга жиберет. Исаковдун айтымында, келечекте ОшМУ жаңы өнөктөшү менен экономика жана менежмент, экология, ландшафт дизайны, күнөскаларды тейлөө жана башка кесиптер боюнча адистерди даярдоодо кызматташып, Прагага мыкты студенттерди такай жиберип, ЧАУнун студенттери бир семестрге Ошко келип окуп кетишет. Эки университет ошондой эле экология, этнография, социология, табият таануу, айыл чарба жерлерин пайдалануу жаатында илимий конференцияларды жана илимий изилдөөлөрдү өткөрүп турушмакчы.

Чехиянын Айыл чарба университети 1914-жылы ачылган. Азыр университетте 19 миңдей студент билим алса, алардын 10 % дүйнөнүн 92 өлкөсүнөн келген улан-кыздар. (АУ)

XS
SM
MD
LG