Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул максатта KPMG, EY, "Deloitte Grand Thortnon INT" жана башка бир катар чет элдик компанияларга кайрылып, алардын кызмат акысы тууралуу маалымат сураган. Учурда баалар изилденип жатат. Кызмат акысы тууралуу маалыматтар келип түшкөн соң андан пайдалануу боюнча сынак жүргүзүлө баштайт.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын 2015-2017-жылдардагы ишмердүүлүгүн текшериш үчүн 14-февраль күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду атайын комиссия түзгөн. Комиссиянын курамына "Кыргыз темир жолу" ишканасынын, Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрү да кирген.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келе элек экенин билдирген. Ал "вагондор январь айында келип бүтүшү керек болчу" деген.
Депутат ошондой эле "Кыргыз темир жолу" Өзбекстандын Кыргызстанга болгон 137 млн. сом карызын кечкенин сындап, ишкананын жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин кызы мекемеге тиешелүү жерге мейманкана куруп, иштетип жатканын айткан.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев бул дооматтарды четке каккан. (UEz\ZK)