Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Өзбекстанда Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-мартта Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Жаза аткаруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, милициянын полковниги Абдукарим Шодиев камакка алынды. Бул тууралуу 12-мартта "Азаттыктын" өзбек кызматына жергиликтүү укук коргоочу Сурат Икрамов билдирди.

Анын айтымында, 56 жаштагы Шодиевге "Кызматтык кыянатчылык" жана "Күнөөсүз адамды жоопко тартуу" беренелери боюнча айыптар коюлду.

1999-жылдан 2018-жылга чейин Жаза аткаруу башкармалыгында жетекчи кызматтарда иштеген Шодиев камакка алынган маалда ИИМ Академиясында окутуучу болуп иштеп жаткан.

Буга чейин да Өзбекстанда адамдар айыпсыз камалып, кыйноого кабылып, абактарда өлгөнүнө байланыштуу күч түзүмдөрүндө, атайын кызматта иштеген бир топ жетекчилер камакка алынган.

2003-жылы Улуттар Уюмунун кыйноо боюнча атайын баяндамачысы Тео ван Бовен Өзбекстанда кыйноо системалуу көрүнүш экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG