Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:32

"Кыргызнефтегаз" элдеги акцияларын чогулта баштаганы акционерлерди нааразы кылды


"Кыргызнефтегаздын" Кочкор-Атадагы кеңсеси. 13-март, 2018-жыл.

Нааразы болгон 30дай акционер 13-мартта Кочкор-Ата шаарынын мэриясына чогулду. Акционерлердин бири, шаардык кеңештин депутаты Абдимурат Нышанкуловдун айтымында, колунда акциясы барларга "май айына чейин акцияңарды 48 сом 19 тыйындан саткыла" деген билдирүүлөр келип, эл арасында "акция жок болуп кетиши мүмкүн" деген маалыматтар таратылууда. Депутат бул жол менен "Кызнефтегазды" Орусиянын "Газпром" ишканасына толугу менен сатуу аракети көрүлүп жатат деп шекшийт:

- Бул аракет - Кочкор-Ата шаарынын тургундарын жана "Кыргызнефтегазда" иштеген жумушчуларды ойлонто турган жагдай. Ишкана толугу менен сатылып кетсе, анын эртеңки тагдыры эмне болот?

Ал эми "Кыргызнефтегаз" ишканасынын башкы инженери Тимур Мураталиев өндүрүштү жогорулатуу жана жаңы кен жайларын ачуу максатында өкмөт "Газпром" ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, учурда эки тараптан 8 адамдан турган жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, инвестор 100% акция талап кылгандыктан, элдин колундагы акцияларды чогултуу башталган.

2500 адам иштеген "Кыргызнефтегаз" ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге тиешелүү. Ишкана былтыр 100 миң тоннага жакын мунай өндүргөн.(RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG