Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 06:09

Өзгөн райондук аймактык ооруканасына тамакка ууланып келип түшкөн он төрт кишинин ичинен үч баланын абалы оорлогонуна байланыштуу алар Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына которулду. Бул тууралуу Өзгөн райондук ооруканасынын жетекчиси Сатар Жусупов "Азаттыкка" билдирди:

- Жандандыруу бөлүмүндөгү эки балага берки баланы да кошуп, Ошко жибердик. Абалы оорлоп кеткени үчүн которууга аргасыз болдук. Калгандары өзүбүздө жатышат. Дарыларын берип, уколдорун сайып, карап жатабыз.

11-март күнү Өзгөн шаарынын он төрт тургуну үйдө жасалган салатка ууланып, 12-мартта ооруканага кайрылган. Алардын ичинен үчөөнүн: эки бала менен бир чоң кишинин абалы оор деп бааланып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Өткөн айда Кара-Суу районунда тамакка ууланып, он эки киши ооруканага түшкөн. Көп өтпөй, эки наристе чарчап калган. Уулангандар бешик тойдо шире ичип, мантуу жегенин жакындары айтышкан. (MdN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG