Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

АКШнын коргоо министри Ооганстанга барды


Жеймс Мэттис Кабулдун аэропортунда. 13-март, 2018-жыл.
Жеймс Мэттис Кабулдун аэропортунда. 13-март, 2018-жыл.

АКШнын коргоо министри Жэймс Мэттис мурда жарыяланбаган иш сапары менен 13-мартта Ооганстанга келди. Ал аскердик операциялардын жыйынтыгын чыгарып, талибдерди ооган өкмөтү менен тынч сүйлөшүүгө тартуу маселесин сүйлөшкөнү жатат.

Ооганстанга келип коноордо Мэттис учакта журналисттер менен маектешти. Анда Кошмо Штаттар бир нече айдан бери талибдердин сүйлөшкүсү келип жатканын байкап турганын айтты.

Мэттис Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин саркери Жон Николсон менен жолугушмакчы.

28-февралда Ашраф Гани өкмөт эч бир шарт-талап койбостон "Талибан" кыймылы менен сүйлөшөөрүн билдирген.

Бирок талибдер азыркы өкмөттү "батышчыл" деп, түз сүйлөшүүдөн баш тартып жатышат. Кыймыл АКШ менен гана сүйлөшөрүн билдирген. Ошондой эле алар сүйлөшүү башталышы үчүн НАТОнун күчтөрү өлкөдөн чыгып кетиши керек экенин баса белгилешет.

XS
SM
MD
LG