Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Илмиянов өзүн "Ихласка" байланыштыргандарды сотко берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Икрамжан Илмиянов анын "Ихлас" курулуш компаниясына тиешеси бар экенин жазган журналистти жана маалымат каражатын сотко берерин "Азаттык" менен болгон маегинде билдирди:

- Бир нече сайттар "Илмиянов менен Сатыбалдиевдин "Ихлас" фирмасы беш гектар жерди кантип ээлеп алды?" деген ат коюп алып жазышты. Божомолдоп, "мүмкүн, имиш" деп жазса да мейли эми, бирок бул жерде туура эмес маалыматты "туура" деп жазып коюптур. Минтип жазгандан кийин, анын ичинде далилдерди кошуп жазышы керек эле. Мен муну ушул бойдон калтырбайм, адвокат иштеп жатат.

Икрамжан Илмиянов өзүнүн бул аракети сөз эркиндигин басынтуу катары бааланышы да мүмкүн экенин белгилеп, бирок ириде өзүнүн абийиринин тазалыгы жогору экенин көрсөтүүгө тийиш экенин кошумчалады. Ал ошондой эле "Ихлас" курулуш компаниясына эч кандай тиешеси жок экенин баса белгилеп, ал ишкананын чыныгы ээси ким экенин да билбей тургандыгын айтты.

"Ихлас" курулуш компаниясына тиешеси жоктугун мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да "Азаттыкка" кабарлады.

Жогорку Кеңеште 7-мартта депутат Таабалды Тиллаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын сол тарабында "Акаев менен Бакиевдин мезгилинен бери кармалып турган 5 гектар жер азыр кимге жана кантип берилгенин иликтөөнү" өкмөттөн талап кылган.

Курулуш менен алектенген “Ихлас” компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов 12-мартта билдирүү таратып, "гектарлаган жер тилкелери мыйзамсыз алынган жана компаниянын артында таасирдүү адамдар турат" деген маалыматтарды четке каккан.

Илмиянов убагында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусу болгон. Атамбаевдин убагында Илмиянов президенттик аппаратттын жетекекчисинин орун басары, президенттин кеңешчиси болуп иштеген. Учурда ал Кыргызстандын Көкбөрү федерациясын жетектейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG