Орусиянын президенттигине талапкер Ксения Собчак Крымды "балакеттер менен мүшкүлдөрдүн" булагы деп баалады.
"Крым маселеси менин балдарыма да калат. Анын айынан бүгүн биз санкцияларга кабылдык. Бардык балакеттер, бүтүндөй дүйнө менен келишпестик болуп жатат. Бул чоң көйгөй", - деди Собчак 12-мартта Биринчи каналдагы дебат учурунда.
Ал Крымга гуманитардык миссия менен барууга ниет кылганын билдирди. Ал ошол жакта үгүт жүргүзмөк болгону тууралуу кабарларды төгүндөдү.
6-мартта Собчак Крымга кирүүгө, ал жактагы жагдайга нааразы болгон крым татарлары менен сүйлөшүүгө уруксат сурап Украина элчилигине кайрылган. Киев муну басып алынган аймакта шайлоого карата үгүт жүргүзүү катары баалаган.
Собчак эл аралык укукка ылайык Крым Украинанын аймагы деп эсептейт.
Орусия 2014-жылы Крымды өзүнө каратып алган. Муну дүйнөлүк коомчулук тааныган эмес. Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизип, жарым жыл сайын узартып келет.