Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Түрк кошуундары Африн шаарын курчаганы кабарланды


Афринден чыгып бараткан жайкын тургундар. 12-март, 2018-жыл.
Афринден чыгып бараткан жайкын тургундар. 12-март, 2018-жыл.

Түркиянын аскерлери күрт кошуундарына каршы операциянын алкагында Сириянын түндүгүндөгү Африн шаарын курчоого алганын маалымдашты.

13-мартта таратылган билдирүүдө түрк аскерлери жана алардын Сириядагы өнөктөштөрү чоң мааниге ээ болуп эсептелген райондорду каратып алганы жазылган. Маалыматты күрт кошуундары ырастай элек.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган обсерватория түрк армиясы Африн шаарын, анын жака-белиндеги 90го жакын айыл-кыштактарды курчоого алганын билдирди. Уюм ошондой эле Африндеги миңдеген карапайым адамдар үй-жайын таштап чыгып кетишкенин кошумчалады. Афринде жалпысынан 350 миңдей адам жашай тургандыгы айтылып келген.

Сириянын түндүгүндөгү күрт кошуундарына каршы “Зайтун бутагы” деген аскердик операцияны Анкара январдын соңунда баштаган.

Түрк бийлиги Сириядагы күрттөрдүн кошуундарын Түркияда 1984-жылдан бери автономия үчүн күрөшүп келаткан "Күрт жумушчулар партиясынын" (PKK) бир бөлүгү деп эсептейт. РКК Түркияда террордук топ катары таанылган.

XS
SM
MD
LG