Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 11:56

"Айкөл курулуш": Бизге мектеп курулушу үчүнчү этаптан кийин тийген


Калыс-Ордо жаңы конушундагы Кытайдын 2 млн. доллар акчасына курулган мектеп.

Депутаттык комиссия барганда "Айкөл курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Сейиткан Алиевдин журналисттерге билдиргени боюнча, баштапкы долбоордо мектеп 660 окуучуга ылайыкташса, аягында 1020 орундуу болуп бүткөн:

- 2017-жылы, мектеп чала курулуп турган кезде келишим түздүк. Ошондо эле "кытайлыктар бөлгөн 759 миң доллар жетпейт" деп ачык айтканбыз. Бул каражат курулушка жумшалгандан кийин имарат толук бүтпөй калды. Биринчи башталгандагы долбоор 660 окуучуга ылайыкташкан болсо, азыр 1020 орун болду. Эки кабаты тең курулуп, пайдаланууга берилди. Кытайлыктар менен келишим түзүлгөндө эле "жетпегенин мэрия каржылайт" деп айтылган экен. Мэрия 104 млн. сом бөлүп берди, биз курулушту аяктап, керектүү документтерди, аткарылган иштердин кагаздарын Капиталдык курулуш башкармалыгына өткөрүп бергенбиз. Сентябрга мектепти бүтүрөөрдө УКМКдан текшерүү келип, бизди "91 млн. сомду жеп койгон" деп күнөөлөштү. Текшерүү жүрүп жатканына байланыштуу 7 млн. сом акчабызды ала албай калдык. Компьютер жана башка жабдыктарыбыз сентябрдан бери камакта турат.

Калыс-Ордо жаңы конушундагы №86 орто мектептин курулушу боюнча кылмыш ишин козгогон Башкы прокуратура "Айкөл курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунда бюджеттен кошумча алынган каражатка аткарылган иштердин актысы жок экенин белгилеген.

Депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү "мектептин курулушу сапаттуу бүткөн" деп баа беришти.

Бул мектептин курулушуна кытайлык TBEА компаниясы баш-аягы 2 миллион доллар бөлүп бергени, мектеп курулушунун кымбаттыгы аталган компания тарабынан модернизацияланган Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин депутаттык комиссияны кызыктырууда. (ErN/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG