Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Касымалиева: Кытай компаниясы сарптаган акчаны тактоо мүмкүн эмес


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Мындай пикирин парламенттин депутаты, Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиева Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу менен таанышкандан кийин журналисттерге айтты. Анын сөзүнө караганда, Кытайдын ТВЕА компаниясынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоого да, мектептин курулушуна да бөлгөн акчасы кайда, эмнеге, кантип сарпталганы тууралуу маалымат алууга мүмкүн эмес, анткени келишим ошондой түзүлгөн.

- Ушундан улам "Камералардын, мектептин баасы неге кымбат?" деген суроолорго жооп жок. Кытай тарап өзү акчаны берет, жалдануучуларды да өзү тандайт. Техникалык көзөмөлдү да өзү жүргүзөт, бул үчүн алар өздөрүнө 12 миң доллар бөлдүрүп алган. Ал эми Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы "биз тараптан да техникалык көзөмөл жүргүзүлдү, адамдарга айлык төлөндү, бизден да акча кетти" деп атпайбы. Бирок Кытай тарап эч кандай маалымат бербей жатат, анткени келишим ошондой түзүлүп калган. Негизги маселе - ушул. "Неге кымбат?" деп сурасаң эле, кыргыз тарап колун жайып, "келишим боюнча Кытай тарап баарын өзү тандайт, сатып алат, жол акысын кошуп эсептеп, өзү алып келген" деп атат. Бул жерден бир эле суроо туулат: келишим түзүлүп жатканда кыргыз тарап кимдин кызыкчылыгын ойлоду?

Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген депутаттык комиссия бүгүн Кытайдын ТВЕА компаниясынын 2 млн. доллар акчасына салынган орто мектептин курулушу менен таанышты. Депутаттык комиссияга Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы жана курулушту аягына чыгарган "Айкөл курулуш" ишканасынын жетекчилери маалымат беришти. "Айкөл курулуш" ишканасынын башчысы Сейиткан Алиев мектеп алардын колуна үчүнчү этаптан, болгону 759 миң доллар менен гана тийгенин, мектепти толук аякташ үчүн мэриядан 104 млн. сом кошумча алынганын, андан тышкары ишкана өзү сарптаган 7 млн. сом акча эмгиче карыз боюнча турганын айтып берди.

Калыс-Ордо жаңы конушундагы орто мектептин курулушунда 91 млн. сом акча кымырылган деген жүйө менен Башкы прокуратура былтыр сентябрда кылмыш ишин козгогон. (ErN/ZKo)

XS
SM
MD
LG