Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Трамп Тиллерсонду көз караштары туура келбей калганы үчүн кетиргенин билдирди


Дональд Трамп. 13-март, 2018-жыл.
Дональд Трамп. 13-март, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан алган себебин көз караштары туура келбей калганы менен түшүндүрдү. Ал мамлекеттик катчылык орунга өзү менен жеке мамилеси дурус адамды ылайык көрөрүн белгиледи.

- Дайыма, биринчи күндөн тарта эле Майк Помпео менен мамилем дурус болду. Чынын айтсам, Рекс менен да мамилем жакшы. Рекске ийгилик каалайм. Менимче, ал өтө бактылуу болсо керек. Рекс азыр көбүрөөк бактылуу деп ойлойм. Бирок мен анын кызматын чынында баалайм. Ошентсе да Майк экөөбүз башынан эле бири-бирибизди илгиртпей түшүнөбүз. - деди Трамп журналисттерге.

АКШ президенти Помпеону күч-кубаттуу жана интеллекти жогору деп мактады. Кызматтан алуу жана кызматка коюу тууралуу чечимди өзү кабыл алганын билдирди. Мамлекеттик катчынын орун басары Стив Гольдштейн да кызматтан алынары тууралуу Тиллерсон укпаганын жана себептерин билбесин билдирди.

Ак үйдөгү жогорку даражалуу аткаминер Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен ыктымал жолугушуунун алдында жана соода боюнча сүйлөшүүлөр учурунда командасын жаңылагысы келип жатканын айтууда.

Мурда "Exxon Mobil Corp" энергетикалык компаниясын жетектеген Тиллерсон 2017-жылдын февралында кызматка келген.

XS
SM
MD
LG