Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы башталды 


Дүйнөлүк акча жумалыгы.
Дүйнөлүк акча жумалыгы.

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы 12-мартта башталды. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, иш-чара балдардын жана жаштардын каржылык сабатсыздыгын жоюуга багытталган. Анын айтымында, учурда балдардын каржылык сабатын жогорулатуу курч маселе. Мамлекет аны чечиш үчүн атайын программа иштеп чыккан.

19-мартка чейин улана турган акча жумалыгынын алкагында Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар мектептерде ачык сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды уюштурушат. Улуттук банктын нумизматикалык музейинде экскурсиялар да болот.

Мындан сырткары сүрөт, эссе, мектептин бюджетин талкуулоо боюнча сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр 20-мартта Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сыйланат. Дүйнөлүк акча жумалыгы Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп турат. (NT)

XS
SM
MD
LG