Кыргызстанда Борбордук шайлоо комиссиясынын иш тартибине өзгөртүү киргизүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан жыйында айтылды.
“Адилет” укук коргоо клиникасы уюштурган жыйынга БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов, саясатчылар Феликс Кулов, Зайнидин Курманов, Чолпон Жакупова, Ишенбай Кадырбеков жана башкалар катышууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков сунуш кылып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, БШКнын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ортосунда ротация болуп турат. Бул, автордун айтымында, Боршайкомдун тең салмакталган моделин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Азыркы мыйзам боюнча Боршайком 12 мүчөдөн турат, анын төртөөнү президент, төртөөнү парламенттеги көпчүлүк жана калган төртөөнү парламенттеги оппозиция сунуштап, Жогорку Кеңеш шайлайт.
БШКнын мүчөлөрү беш жылга шайланат. Комиссиянын жетекчисинин эки орун басары бар. (RK)